Бишкекте автокырсыктан 11 жаштагы кыз каза болду. Күнөөлүү айдоочу качып кетти
Бүгүн, 17-октябрда саат 01:15 чамасында Бишкектеги Ахунбаев-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык болуп 11 жаштагы кыз каза тапты. Кырсыктан Хонда - Мерседес унаалары сүзүшүп, Хондада бара жаткан 3 жүргүнчү жаракат алып, 2002-жылы туулган кыз ооруканага жеткенде каза болду. Ал эми жабырлануучулар 4-шаардык ооруканага жаткырылды. Мерседес унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден из жашырып кетип, учурда изделүүдө. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-16

14:30
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.