Кызыл-Кыядагы аялдамадан Ноокаттын тургунун тоноп кеткенге шектелген жаран кармалды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын 47 жаштагы тургунун Кызыл-Кыя шаарындагы аялдамада бейтааныш 2 жаран тоноп кетишкен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.Маалыматка ылайык, жаранды 9-апрель күнү саат 23:40тар чамасында күч колдонуп, базар баасы 11 миң сомдук телефонун жана чөнтөгүндөгү 12 миң сом акчасын тартып алышкан.
"Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ноокат районунун Жийде айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















