Ысык-Көл. Дархан айылында жаңы спорт комплекси ишке кирет
Жети-Өгүз районунун Дархан айылында 30 миллион
сомго жаңы спорт комплекси курулуп бүтүп, ишке киргени турат. Муну аталган райондун
акиминин милдетин аткаруучу Дамир Моңолдоров
билдирди. Айтымында, комплекстин расмий ачылышы 19-октябрда болот. "Спорт комплекси ишке кирсе эки айылдын жашоочулары машыгуусуна шарт түзүлөт. Ачылыш аземине өкмөттөн, спорт агенттигинен өкүлдөр келип катышат”,- дейт Моңолдоров.
Автор: Жанат Туратбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















