Ошто электр чубалгыларын туура эмес пайдалануудан улам мектептин имаратынан өрт чыкты
Ош шаарында мектептин биринчи кабатынан өрт чыгып, бактыга жараша жабыркагандар катталган жок. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрт бүгүн, 19-апрелде саат 11:40 чамасында чыккан.Белгилүү болгондой, Ош шаарындагы Керме-Тоо орто мектебинин биринчи кабатындагы Ош шаардык мэриясына караштуу көп тармактуу үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун социалдык бөлмөсүнөн өрт чыккан. Өрт чыккан жерге бир бөлүм тартылып, өрт саат 12:01де толугу менен өчүрүлдү.
"Өрт электр чубалгыларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















