Ошто 13 жана 9 жаштагы кыздарды сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө
Ош шаарында 13 жана 9 жаштагы кыздарды унаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочунун унаасы табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалым болгондой, ушул жылдын 2-апрель күнү болжол менен саат 18:30 чамаларында Ош шаарынын тургундары 2008-жылы туулган Т.Б. менен 2012-жылы туулган Т.С.ны Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө белгисиз айдоочу эки кызды сүзүп, андан соң качып кеткен.
Натыйжада эки кыз алган жаракатынан улам Ош шаардык ооруканасына кайрылган.
Бүгүн, 20-апрель күнү Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө тобу тарабынан Ош шаарынын аймагынан аталган унаа табылды. Учурда кырсык болгон күнү унааны ким башкарганы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















