20-октябрдан тарта Ажылык сапарга кеткен кыргызстандык зыяратчылар мекенине кайта баштайт
20-октябрдан тарта Меккеге ажылык сапарга кеткен кыргызстандык зыяратчылар өз өлкөсүнө кайта баштайт. Муну муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 5-ноябрга чейин бардык зыяратчылар келет. Кыргызстандын жарандары ажылык сапарга 17-сентябрдан 3-октябрга чейин учуп кетишкен. Чек ара көзөмөлүнөн 3700 зыяратчы өткөнү айтылды. Бишкек-Медина жана Ош-Медина багыттары боюнча 19 авиакаттам иштеди.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















