23:00гө карата абал тынчый баштаганы айтылды. Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал (видео, хронология)
28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуган. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.
Чек арадагы абал тууралуу акыркы маалыматтарды ушул кабардан окуп турсаңыз болот.
Бүгүн, 29-апрель саат 22:30га карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан жаракат алгандардын саны 46га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
"Саат 22:30га карата Кыргыз-Тажик чек арасында жабыркагандардын жалпы саны 46 адамды түздү. Анын ичинен бир жаран каза болуп, дагы бир жаран амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү, калган 44 жабырлануучу ок тийгенден алган ар түрдүү жарааттары жана денесинин ар кайсы бөлүгүнүн жаракаттары менен Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылды", - деп билдиришти министрликтен.
Ал эми SUPER.KG порталына өздүк булак кыргыз тараптан дагы, тажик тараптан дагы аскерлер өз позицияларында жатканын айтты.
"Ок атуу токтоду, бирок эки тараптын тең аскерлери өз позицияларында жатат. Тажикстан тарап кечке маал аскерлерин таштап кеткен. Алар үйлөрдө жатышат. Ошол эле учурда кыргыз аскерлери дагы келип жатат", - деди өздүк булак.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагында болгону үчүн Баткен облусуна бара албайт. Бул тууралуу маалымат SUPER.KG порталы анын жардамчысы Таалайкүл Токтакуновага байланышканыбызда белгилүү болду.
"Ал кыргыз элинин жыргалчылыгы жана келечеги үчүн кызмат кылууга даяр. Бирок ал азыр үй камагында. Мындан улам ага ЖМКларга чыгып сүйлөөгө уруксат берилбейт. Ошол эле учурда Курсан Асанов тиешелүү юридикалык тапшырма берилген учурда кызмат өтөөгө ар дайым даяр жана ал кырдаалды чечүү жолдорун жакшы билет", - деди Токтакунова.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал учурунда Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзоданын ийнине ок тийген. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.
"Анын абалы туруктуу деп бааланууда, тынчсызданууга негиз жок", - деп жазылат маалыматта.
Биринчи вице-премьер министр Артём Новиков кагылышуу орун алган Баткен облусуна барды.
Ал чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө боюнча жумушчу топту жетектейт. Ошол эле учурда Новиков жыйын өткөрөрү белгилүү болду.
Премьер-министр Улукбек Мариповдун Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода менен пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөт башчылары Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашкан. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Анда тараптар эки республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирген.
"Эки өлкөнүн премьер-министрлери чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу министриликтин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Ага ылайык, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин чыр-чатакка байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп жатышат.
"Эки тараптын ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында саат 20:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди", - деп жазылган маалыматта.
Чек арада жайгашкан Головной суу бөлүштүрүүчү жайы толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү таратты.
"Кыргыз тарап Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы аскердик күчтөрүн бекемдеп жатат. Учурда тараптардын тирешүүсү, анын ичинде эки тараптан тең курал колдонуу уланууда", - деп жазылат билдирүүдө.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан Тажикстандын 3 жараны каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
"Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан жалпы 31 адам жабыркап, алардын үчөө каза болду", - деп жазып чыгышты аталган өлкөнүн басылмалары Исфара шаардык мэриясына таянуу менен.
Орусия ок атышуу болуп жаткан Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды изилдеп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Мария Захарова брифингде айткан.
"Азыр мен бул кырдаалды изилдеп жатабыз деп гана айта алам", - деген Захарова.
Бүгүн, 29-апрелде кыргыз аскерлери Тажикстандын аймагындагы заставаны алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар кабарлады.
"Атайын даярдалган "Бөрү" аттуу спецназ Тажикстандын заставасын штурм менен алды", - деп билдирди жергиликтүү тургун.
Жергиликтүү тургундун айтымында алынган застава Тажикстандын аймагында жайгашкан. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы бул маалыматты тактады.
"Миномёттон аткылоонун натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара заставасынын имараты күйүп кеткен.
"Мындан улам тажик тарапка жооп катары Кыргыз өлкөсүнүн УКМКсынын "Бөрү" атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын "Ходжа Аълло" чек ара заставасын басып кирди", - деп айтылат Чек ара кызматынын тараткан маалыматында.
Тажик аскерлери Лейлек тараптан да ок чыгарышууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун билдирди.
Анын айтымында, коңшу өлкөнүн аскерлери чек арага жакын жайгашкан Жаны-Жер айыл аймагына жакын жерден асманга ок чыгарып жатышат.
"Жаны-Жер айыл аймагында жашайбыз. Биздин айыл Тажикстандын Худжанд-Исфара авто жолуна жакын жайгашкан. 19:00 чамасында тажик аскерлери чек арага жакын келишип, асманга ок атып жатышат. Мындан сырткары алар Исфана шаарынан Арка айылына каттаган автобусту аткылашып, терезелерин талкалашыптыр. Жабыркаган жарандар жок", - деди жергиликтүү тургун.
Баткен районунун Головной аймагында абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Буга чейин Исфара-Ворух жолу Кыргыз өлкөсүнүн жарандары тарабынан тосулган.
Саат 14:05те Головной аймагында тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Атышуу учурунда Кыргыз жарандары жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан.
Көп өтпөй саат болжолдуу бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине ок чыгарган. Миномёттон аткылоонун натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара заставасынын имараты күйүп кеткен.
"Мындан улам тажик тарапка жооп катары Кыргыз өлкөсүнүн УКМКсынын "Бөрү" атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын "Ходжа Аълло" чек ара заставасын басып кирди", - деп айтылат Чек ара кызматынын тараткан маалыматында.
Маркум жаран үй-бүлөлүү 30 жашта болгон. Бул тууралуу каза болгон жарандын кошунасы менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, ал маркум жаранды эртең менен оор абалда көргөн.
"Каза болгон жарандын үйү Көк-Таш айылында менин үйүмө жакын жайгашкан. Аны эртең менен уктап жаткан жеринен коңшу тарап үйүнөн кууп чыгып, тап көрсөтүшкөн экен.
Мен көргөндө ал бир эле жерине эмес, бир нече дене бөлүгүнө ок тийгенин көргөм, абалы начар болчу. Биз анын абалынын оор экенин көрүп, Орто-Боз деген жакка чейин алып бардык, андан ары аны "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен", - деди тургун.
Жалпы коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн саны 848ди түздү. Анын 498и Баткен шаарына, 350сү Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат.
Чек арада абал оор бойдой калууда. Атышуу токтой элек. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, каза болгон жаран октон жараат алып, ооруканада дарыланып жаткан.
"Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандардын саны 17 адамга жетип, 1 адам каза болду", - деди өкүл.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуядан 1 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Азырынча каза болгон жаран тууралуу толук маалымат айтыла элек.

Көк-Таш айылындагы төрт көчөнүн тегерегинде жайгашкан 10го чукул үй өрттөндү. Бул тууралуу жергиликтүү тургун SUPER.KG порталына маалымдады.
Айтымында, бактыга жараша, үйлөрдө жашоочулар болгон эмес жана алар октордун үнү угулуп, абал курчуй баштаганда эле турак жайын таштап качып кетишкен.
Белгилей кетсек, Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын 400 тургуну эвакуацияланган. Баткендеги өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, алар төрт мектепке көчүрүлгөн жана жергиликтүү бийлик жарандарды тамак-аш менен камсыз кылып жатат.
Тажикстан Республикасынын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери, Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан Головной суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар аткылоону саат 14:00дө башташкан.
"Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев окуя болгон жерде чараларды көрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору Кыргыз өлкөсү менен чек арада болгон окуялардын өз версиясы менен билдирүү таратты. Анда тажик тарап Головной суу алуучу жай Тажикстандын аймагында жайгашкан деп билдиришкен.
"1924-1927 жана 1989-жылдардагы карталарга ылайык, бул гидротехникалык курулуш толугу менен Тажикстан Республикасынын аймагында жайгашкан, ал 1968-жылы Тажикстан Республикасынын, Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын аймактарына ирригациялык иштерди жүргүзүүгө, чек ара шаарларындагы айыл чарба чарбаларын сугарууга арналып курулган.
Бирок, Кыргыз Республикасы бул имаратты бир тараптуу ээлеп алган жана чек арага жакын аймактардын тажик тилинде сүйлөгөн калкына каршы, жарандык форма кийген атайын багыттагы согушкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Президент Садыр Жапаров чек ара масалеси боюнча чукул кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн башчыларынын маалыматтары угулду. Чукул кеңешменин жыйынтыгында учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө үчүн биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков башында турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык каналдар аркылуу кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча ишти улантуу тапшырылды
Депутаттар президент Садыр Жапаровду Жогорку Кеңештин жыйынына келишин талап кылышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Учурда Садыр Жапаров коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө.
Жогорку Кеңеште чек ара чыры боюнча маселе жабык эшик артында каралып жатат.
Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Коопсуздук кеңештин жэыйынына ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев катышууда.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага жетпей, өлкөгө кайтып келе жатат. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
"Урматтуу Кыргыз элим! Мен кечээ 28-апрель күнү эртең менен ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем. Бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учтум.
Ооруканага жетпей кайттым, түнү менен жетип барам.Баарыңыздарга сабырдуулук тилейм, мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта барын жеңебиз", - деп жазылат билдирүүдө.
Митингчилер премьер-министрдин Төрт-Күл боюнча айтканына түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда. Бул арада өкмөт башчы Улукбек Марипов кайда экени белгисиз.
Социалдык тармактын колдонуучулары Улукбек Марипов чет мамлекетте экенин жазышууда.
Өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбековага бир канча жолу байланыштык, бирок ал жооп бербей жатат. Колу тийбей жатканын айтууда.
Баткен облустук бириккен ооруканасынын башкы дарыгери Азизбек Жунусовдун алдын ала маалыматы боюнча, саат 14:30да 4 жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
"Азыр биз кабыл алынган адамдын ден соолугунун абалын текшерип, баалап жатабыз. Толугураак маалымат кийинчерээк берилет. Дагы төртөө келди. Жалпысынан сегизөө бар", - деп айтылат маалыматта.
"Урматтуу Садыр Жапаров бизге таш бербей, автомат берсин. Биз өзүбүздү коргоп алабыз. Кудайым бизге сууну берген. Аны эч кимге бербейбиз. Биздин ата-эне, туугандарыбыз уктай албай жатат. Армияны жөнөтсүн, бүгүн энелердин көз жашы токтосун", - деди митингге чыккандардын бири.
Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында ушу тапта кайрадан ок атылып, эки адам ооруканага жеткирилди. Ал эми жергиликтүү тургун саат 14:50гө карата абал туруктуу эмес экенин, ок атышуу күчөп жатканын маалымдады.
Ал эми маалыматты тактоо үчүн чыр боюнча түзүлгөн штабды жетектеп жаткан өкмөт өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен байланышканыбызда, ал ок атышуу болуп жатканын ырастады. Айтымында, Тез жарадам унаалары жеткерилип, аталган аймактан адамдар эвакуацияланып жатат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев шашылыш түрдө Баткен облусуна учуп кетти. Бул тууралуу Чек ара кызматынын Коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү менен байланышканыбызда маалым болду.
Маалыматка ылайык, Шаршеев кырдаалды турукташтыруу үчүн мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги коопсуздукту көзөмөлдөп, жергиликтүүлөр менен сүйлөшүү жүргүзөт.
Бул арада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 28-апрелде чет өлкөгө дарыланууга чыгып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындан сырткары митингчилер президент, премьер-министр жана УКМКнын төрагасын эл алдына чыгуусун талап кылышууда.
"Биз чек ара боюнча маселени биринчи жолу гана көтөрүп чыккан жокпуз. Талаптар айтылып жатат, бирок аткарылбай жатат.
Биринчиден, чек арага жакын жайгашкан аймактарда чек арачылар жетишпейт. Балыкчы шаарындагы танк батальону Баткенге көчүрүлсүн. Тажикстан чагымчылдыгын токтотсун. Биз эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарда агрессивдүү деп көрсөтүп жатышат. Маалымат саясаты көзөмөлдөнсүн. Абал жөнгө салынмайынча Тажикстан менен болгон Кыргыз өлкөсүнүн чек арасы жабылсын. Аткезчилик менен алып келинген жүктөргө бөгөт коюлсун", - деди минтингге чыккандардын бири.
Бишкекте "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы митинг өтүүдө. Митингди SUPER.KG порталы түз чагылдырууда. Түз эфирдин видеосу ушул шилтемеде.
Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында орун алган кырдаалга байланыштуу чек аралаш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Анда Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода бүгүн, 29-апрелде чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүшкөн.
"Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозов чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат.
Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп, сүйлөшүүдө", - деди маалымат катчы.
Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңеш жабык эшик артында Баткендеги чек ара маселеси боюнча маалымат угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйын саат 16:00дө башталат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев SUPER.KG порталына чек арадагы абал тууралуу айтып берди.
Ал билдиргендей, Чыр чыккан жерде абал олку-солку, жергиликтүү жашоочулардын арасында курч абал сакталып турат.
"Кечээ күнү эки делегация нейтралдуу тилкеде жолукканбыз. Анда сүйлөшүү дээрлик 3 саатка созулган. Бүт маселелердин баары ошол жерден толугу менен чечилген. Андан кийин эки тарап тең ар бирине тапшырмаларды берип жөнөткөнбүз. Ошол жерде бир маселени Тажикстандан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода өзүнүн акимине дайындаган. Ахмадзода "жанагы видеокамераны азыр барып алып койгула" деп ага буйрук берген. Аны менен кошо 2-3 генерал, полковникти кошуп берген.
Анан суу тосмого келгенде алар видеокамераны албай койду. Мына ошондон улам чыр чыгып кетти", - деди Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев менен маекти толугу менен ушул шилтемеден окусаңыз болот.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге качан барары белгисиз. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аталган мекеменин басма сөз кызматына байланышканда белгилүү болду.
"Азыркы учурда маалыматтар чогулуп жатат. Иштер жүрүп жатат. Эгерде бара турган болсо маалымат беребиз", - деп билдиришти мекемеден.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда аталган аймакта абал курч. Тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчкөн. Мындан тышкары видеокамераларды ок тийгендиктен жараксыз абалга алып келгенин кошумчалашты.
"Учурда аталган аймакта абал курч. Тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчтү. Мындан тышкары видеокамераларды ок тийгендиктен жараксыз абалга алып келди", - деди жергиликтүү тургун.
Учурда кыргыз тараптагы чогулган жарандар абалды талкуулап жатышат.
УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү тажик тарап телефон чалууларга жооп бербей жатканын кабарлады.
"Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалган деп мүнөздөлүүдө.
Тажикстан Республикасынын чек ара ведомствосунун жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болбоду, телефондук чалуулар жоопсуз калып жатат", - дешти мекемеден.
Азыркы тапта аталган жерде ок атышуу дагы да уланып жатат. Бул тууралуу Көк-Таш айылынын тургуну кабарлады. Айтымында, алар октун үнүн угуп, сыртка чыга албай, тынчсызданып отурушат.
"Биз сыртка чыгып абалды сүрөт, видеого тартууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Анткени азыр да октун үнү угулгандыктан, абалыбыздан кооптонуп, имаратта кармалуудабыз", - деди ал.
Баткен районунун Ак-Сай айылында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.
Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде, ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.
Ал эми Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Чыр-чатак орун алган аймактын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.
кошулду
Чек арада ок атышуу
Чек ара чыры: "Баткенде азыркы тапта да ок атылып жатат"
Баткенге аскердик техника бара жатат























1 |