super.kg logo

Чек арада жабыркагандардын ичинен 50 адам Бишкекке жөнөтүлдү

 

Кыргыз-Тажик чек ара чырында жабыркагандардын ичинен 50 адам Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда облустук ооруканада 25 бейтап бар. 6 бейтап оор абалда.

"Чек арада орун алган жаңжалдан 165 адам жабыркап, ооруканага кайрылган. Тилекке каршы, 33 жаран каза болду. Бүгүнкү күнгө чейин 50 жаранды учак аркылуу Бишкек шаарына котордук. Мындан тышкары Кадамжай райондук ооруканасына 10 бейтапты котордук. 47 бейтапты амбулатордук дарыланууга жөнөттүк. Учурда облустук ооруканада 25 бейтап бар. 6 бейтап оор абалда. Жеринде "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Баткенде эвакуация болгон элдин саны өтө көп, ошондуктан жер-жерлерге медицина кызматкерлери бөлүнгөн. Ошондой эле Баткен шаарынын Жоомарт мектебинде мобилдик бригада турат.

Бүгүнкү күндө абал жер-жерлерде абдан курч болгондуктан, медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда", - деди Арзыбек Бөрүбеков.






Чек арада жабыркагандардын ичинен 50 адам Бишкекке жөнөтүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: