Улукбек Кармышаков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды
Улукбек Кармышаков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Улукбек Кармышаков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалды", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















