Депутат Иса Өмүркуловдун уулу катышкан жол кырсыгы боюнча иш өндүрүштөн кыскартылды
Депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев катышкан жол кырсыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу эч кандай дооматы жок экенин билдирген.
"Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу М.Ж.га жеңил зыян келтирилген, ошондой эле ал А.О.го эч кандай дооматы жок экендигин жазуу жүзүндө билдирген. Сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 26-беренесинин "Иш боюнча өндүрүшкө тоскоолдук кылган жагдайларга" ылайык токтотулган.
Ага жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзам бузуулар кодексине ылайык, жалпы суммасы 22 миң 500 сомго айып пул салынды", - деп жазылат маалыматта.
-3
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















