Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.Билдирүүгө ылайык, 24-май күнү саат 10:40та Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Арча-Булак, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3 балл, Бор-Дөбө айылында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Кара-Бак айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















