Базар-Коргондо дайынсыз болуп жоголуп жаткан эркек кишинин жансыз денеси каналдан табылды
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз жоголуп жаткан 1963-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Кеңеш айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылынын тургуну 1963-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.
Кечээ, 28-май күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 10 куткаруучу, ИИМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 42 адам тартылып, саат 12:10до туугандары тарабынан жансыз денеси Могол-Коргон каналынан табылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















