Ошто Шаркансай суусуна түшүп кеткен 15 жаштагы бала Өзбекстандан изделүүдө
Буга чейин Оштун Кара-Суу районунда Шаркансай суусуна түшүп кеткен 15 жаштагы бала Өзбекстандын аймагына агып кеткени маалым болгон.
Анда бала Шаркансай суусуна 31-май күнү түшүп кетип, ӨКМ коңшу өлкөгө тиешелүү кат жолдогон.
Кечээ, 3-июнь күнү Өзбекстандын төрт куткаруучусу Анжиян облусунун Коргон-Төбө районундагы Түштүк Фергана каналында издөө иш-чараларын жүргүзүп, бирок натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 4-июнь күнү издөө иштери улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















