Роман Петров Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жатат
XXXII жайкы Олимпиада оюндарына, ошондой эле эл аралык мелдештерге ийгиликтүү даярдык көрүү максатында Кыргыз Республикасынын фехтование боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, жыйын 31-майда старт алып, 21-июнга чейин уланат.
Курама команданын мүчөлөрү:
1. Роман Петров, ЭДСЧ;
2. Нурлан Кулуев, СЧ;
3. Назар Маткеримов, СЧ;
4. Данил Миркун, СЧ;
5. Илим Бакытбек уулу, СЧ;
6. Жоодат Есеналиев, СЧТ;
7. Валерий Карякин – улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















