Арасында 4 жашар бала бар. Ошто дарыяга түшүп кеткен унаадагы жүргүнчүлөр изделүүдө
Ошто Тар дарыясына түшүп кеткен үч адам изделүүдө. Алардын арасында 4 жашар бала бар.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 24-июнда саат 22:18 чамасында Көңдүк айылында Асыран Бий көпүрөсүнөн Хёндай Портер унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тар дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон.
"Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1980-жылы туулган Ж.Т. (айдоочу) жана 2008-жылы туулган А.К. аттуу кызды куткарып калган. Ал эми 1984-жылы туулган М. Г., 2017-жылы туулган А.Ф. жана 1993-жылы туулган М.Э. дайынсыз болуп, изделүүдө.
Бүгүнкү издөө иштерине 25 куткаруучу, ИИМден 35 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылды", - деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















