Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги камыштардын арасынан 85 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
Жалал-Абадда Кара-Суу дарыясынын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Кара-Көл шаарынын жашоочусу 1936-жылы туулган А.К. аттуу жаран 8-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал Кара-Суу дарыясына агып кетти деген күмөн менен туугандары куткаруучуларга арыз менен кайрылган.
Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылып, Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги камыштардын арасынан эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















