Аксы жана Сузак райондорунда сел жүрдү (сүрөт, видео)
Жалал-Абад облусунун Сузак жана Аксы райондорундагы айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 20-июлда саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкѳн сел суулары турак үйлөрдүн короолорун каптады.
"Кара-Дарыя айыл аймагынын Сарт Маала айылында сел жүрүп, Достук айылында кокту-колоттордон түшкѳн сел суулар Сузак-Кара-Дарыя автоунаа жолун каптап унаа өтүүгө кооптуулук жаралды. Жерине ыкчам топ, жеке менчик 1 автожүктөгүч, 1 трактор тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.Ошондой эле Аксы районунун Мукур айылынын Чотон-Ооз, Котур-Булак, Ырысбай-Сай тилкелеринде бир нече турак үйлөрдүн короо жайларын сел суулар каптады. Жеринде тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(3)
nazira...
20.07.2021. 22:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Деги тынчылык эле бекен. Бул суунун баары Өзбекстанга агып кетти да э, байкуштар алар тынч бекен деги. Бейкүнөө элге эле кыйын болуп атат.
rixeorguq
22.01.2023. 14:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
!
!
!
rixeorguq
22.01.2023. 14:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
!
!
!
!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















