Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда эки унаа сүзүшүп, 4 адам каза болуп, 5 адам ооруканада. Алардын абалы оор
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 4 адам каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-июль күнү саат 21:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында, тактап айтканда Нур айылында Хонда Степвагон менен Mitsubishi Pajero унаалары сүзүшкөн.
Жерине Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин жана жабыркагандарды унаадан чыгарышып тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.
Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын абалдары оор.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
algakaray
23.07.2021. 10:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кырылмай болду эки кундун биринде авария. Абайлап акырын айдаса мындай болбойт беле?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















