super.kg logo

"Чыда!". Ырчы Егор Крид концертинде жасалма комада жаткан МакSимди колдоду

 

Орусиялык ырчы Егор Крид Крымдагы концертинде жасалма комада жаткан ырчы МакSимди колдоп, анын "Коё берем" (Отпускаю) аттуу ырын күтүлбөгөн жерден аткарды. Видеону ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Бүгүн күйөрмандарым менен бир күчтүү болгон МакSим деген кызды колдогум келет! Чыдаңыз, биз сиз мененбиз!", - деп жазды видеонун астына Егор Крид.

Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан. 26-июлда ырчы акырындап өзүнө келе баштаганы белгилүү болгон.






Егор Крид концертинде комада жаткан ырчы МакSимди колдоду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: