"6 адамдын абалы оор". Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир адам каза болду
Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык Токтогул районунун Бишкек-Ош унаа жолунда катталган. Анда Honda CR-V унаасы менен “Mercedes Benz Sprinter унаалары сүзүшкөн."Кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы эркек киши каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жерине Токтогул райондук ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарышып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Абалдары учурда оор деп эсептелинет", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















