super.kg logo

Күмүш медалга 7 миллион сом. Олимпиадада алдынкы 3 орунду алган спортчуларды кандай сыйлык күтөт?

 

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-августта финалда беттешке чыгып, венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды. Муну менен балбан кыргыздын капчыгына күмүш медалды салууга жетишти.

Ал эми Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында спорттун эркин күрөш түрү боюнча коло байге үчүн болгон беттеште жеңүүчү аталды.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен спортчуларга байгелүү фонд каралганын айткан. Анда алтын медель алып келген спортчуларга 10 миллион сом өлчөмүндө сыйлык тапшыруу каралганын билдирген.

Ошондой эле мамлекет тарабынан күмүш медаль алгандарга 7 миллион сом, өлкөгө коло медаль алып келген спортчуларга 5 миллион сом сыйлык тапшыруу каралган.

Эгер спортчу жеңишке жетсе, башкы машыктыруучуга спортчуга берилген сумманын 30 пайызы, улук жана жеке машыктыруучуга 25 пайыз, биринчи машыктыруучуга 10 пайызы берилет. Медициналык персоналга байге фондунун 10 пайызы төлөнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(7)
03.08.2021. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошондо баары биригип 75 пайыз болуп, спортчуларыбызга 25 пайызы эле калат экен да. Мамлекет дагы башка сыйлыктарды карап көрсө жакшы болмок, 120 жепутаттарга жөн эле миллиондорду расход кылып жатат го???
03.08.2021. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RNA78,түшүнүп окусаң, кайдагы 25 пайыз? Спортчуга берилген сумманын 30 пайызы деп турат го.
04.08.2021. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rafo80,өзүң түшүнүп оку
03.08.2021. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо спортчу алтын алса тренер 3 миллион сом алат.
04.08.2021. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура тушунгуло окуп жатып.Оюнчуга 10миллион+3миллион 333000с(30%)+2миллион500000(25%)+1миллион(10%)+1миллион(10%)=примерно 17миллион 833мин сом 1-орунга.
04.08.2021. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу менен Мээримдин тренери бир киши беле?
Боп кетет экен да тренери Айсулуу алтын утса
04.08.2021. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: