super.kg logo

"Токио-2020": Бир дагы азиялык жок". "Барби" куурчак жасоочу компания расизмге айыпталууда

 

"Барби" куурчак чыгарган компаниясы Токиодогу жайкы Олимпиадага арналган Барби куурчактарынын жаңы коллекциясын чыгаргандан кийин расизмге айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, жаңы куурчак коллекциясы "Токио-2020" Олимпиада оюндарынын расмий товарларынын бир бөлүгү. Бул топтомго беш куурчак кирет. Алардын ар бири 2020-жылкы Олимпиадага жаңы кошулган спорттун түрлөрү - софтбол, аскага чыгуу, скейтбординг, каратэ жана серфингди камтыйт.

Ар бир куурчак терисинин өңү, чачынын түсү жана дене түзүлүшү менен айырмаланат. Алардын арасында кавказоид жана негроид тибиндеги куурчактар бар. Бирок топтомго азиялык куурчак кошулган эмес.
Социалдык тармактын колдонуучулары куурчак чыгарган компанияга нааразычылыгын билдиришип, муну кемсинтүү катары баалашууда. Ал тургай кээ бирлери мындан кийин балдарына Барби куурчактарын сатып бербөөнү айтышкан.

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.08.2021. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
3 эле раса бар: Европеид, монголоид, негроид. Кавказоид дегенда раса чыкканбы азыр. Менимче Кыргызоид деген раса чыгыш керек, кыргыздар дуйнонун ар бурчунда журобуз
12.08.2021. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызоид
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: