Ош. Шаарда жогорку жана атайын орто окуу жайларында жаштар жумалыгы жарыяланат
10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата Ош шаарында жогорку жана атайын орто окуу жайлар арасында жаштар жумалыгы жарыяланууда. Бул тууралуу Шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев 1-ноябрда билдирди. Аталган жумалыктын алкагында комитет кызматкерлери менен жаштардын жолугушуулары жана студенттер үчүн концерттик программалар пландалууда. Мындан сырткары окуунун мыктылары жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттердин мектебине жана ата-энесине Оштун мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматовдун атынан ыраазычылык кат жиберилет.
Автор: Элира Чынтемир кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















