Жалал-Абадда катуу шамал болуп, турак үйдүн чатырын толук учуруп кетти
Жалал-Абад облусунун Ак-Дөбө айылында катуу шамал болуп, турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамал 25-августта болжол менен саат 18:10 чамасында катталды.
"Шамалдын кесепетинен Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылында 1 турак үйдүн 96 чарчы метр чатыры учту. Жерине 1 офицер, Кербен шаарынын вице мэри, 1 инженер, Ак-Дөбө айылынын башчысы жана жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылды.
Ал эми жергиликтүү тургундар тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. 26-август күнү Аксы райондук жарандык коргонуу комиссия жерине барып кошумча тактоо иштерин жүргүзүшөт", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















