super.kg logo

SUPER.KG порталы Азербайжанда: Мен көргөн Карабах, Шуша шаары жана башка кызыктар

 

SUPER.KG порталынын кабарчысы Айзада Кыдырмышева 10-сентябрдан баштап Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн медиа өкүлдөрү менен биргеликте иш сапары менен Азербайжан өлкөсүндө болду.

Баку шаарына келген соң алгач эле сапарыбыз Карабахка болду. Азербайжандын маданий борбору аталган Шуша шаары азыр кайрадан курулууда.

Азербайжан өлкөсү Карабахка кетүүчү 101 чакырым жолду Армения менен болгон согуштан кийин 8 айда салып бүтүшкөн. Учурда жол салуу иши кызуу жүрүп жаткан маалы.

Жолдор тез убакыттын ичинде салынып жатканына карабай сапаты да мыкты болуп жатканын байкадык.

Карабахты көздөй жолду бойлото "Мина жана ок-дарылардан сактан" деп жазылган такталарды көп көрдүк. Армениянын аскерлери бул жерлерден кетип бара жатышканда миналарды ар кайсы жерлерге көмө кетишкендигин бизге айтып беришти. Ал жакта атайын кызматкерлер миналарды зыянсыз абалга келтирип жатышат.

Дээрлик 29 жыл Армениянын оккупациясы алдында калган Шуша шаарына учурда жан кирип, кайра курулууда. Карабахтын бермети аталган Шуша шаары урандылардан калыбына келтирилип жатат. Аз убакыттын ичинде мейманканалар курулуп, үйлөр жаңыланган.

Сүрөттө "Лейла жана Мажнун" операсынын автору, композитор Узеир Гаджибековдун ок тийген эстелиги. Азербайжандын маданиятка, коомго зор эмгек кылган белгилүү инсандарынын эстеликтери 1993-жылы согушта ок тийип Грузияга жеткирилген.
Кийинчерээк Азербайжандын президенти Ильхам Алиев эстеликтерди сатып алып, алар көпкө Шуша шаарына кайтчу күндү күтүп келишкен. Ок тийген эстеликтерди кандай болсо ушундай сактап калуу демилгеси колдоого алынган. Анткени Армениянын кылган иштерин башкалар көрсө дешет.

Азербайжандын белгилүү акыны Вагифтин мавзолейи да калыбына келтирилген. Бул жерде поэзия фестивалдары уюштурулат.

Шушада үйлөр, мейманканалар тез убакытта салынып жатат.

Бир кездери гүлдөгөн шаар Армениянын оккупациясы алдында урандыларга айланган.

Атактуу опера ырчысы Булбулдун үй-музейи Шуша шаарында жайгашкан.

Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандан келген делегациялар менен Булбулдун үй-музейинде. Музей акыркы технологиялар менен жабдылган.

Эң биринчи кезекте Булбул сыяктуу таланттуу инсандардын үйлөрү калыбына келтирилген.






Шуша шаарында согуштун эмес музыканын үнү жаңырат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: