super.kg logo

Бишкекте баңгизатын Телеграм баракчасы аркылуу таратып жүргөн жаран кармалды

 

Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат таратууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине белгисиз адамдар баңгизатын сактап жүргөндүгү жана "Melvin Power" Телеграм каналы аркылуу аларды Октябрь районунун аймагына таратып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Ж.А. жана 2003-жылы туулган К.З. аттуу жарандар кармалып, Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шектүү адамдардын катышуусу менен атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери баңгизат каражаттары коюлган жерлерди аныкташып, бардык зарыл болгон экспертизаларды дайындашты.






Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат таратууга шектүүлөр кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: