Ошто 3 турак үй күйүп, 2 аял күйүк алды. Бири 52, бири 27 жашта
25-сентябрда Ош шаарында 3 турак үйдөн өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен 2 аял киши күйүк алды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, Амир-Тимур кичи районунун Беш-Капа көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрт жакын жайгашкан турак үйлөргө өткөндүгүнө байланыштуу өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм, 1 штаб, ыкчам топ тартылды. Өрт саат 19:53тө чектөөгө алынып, саат 22:20да толук өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен 2 аял киши (1969-жылы туулган жана 1994-жылы туулган) күйүк алышып, медициналык жардам жеринде көрсөтүлдү, учурда абалдары канааттандырарлык.
Өрттүн аянты болжол менен 360 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















