Ошто келинди "өлтүрөм" деп коркутуп, жылаӊач чечиндирип телефонуна тартып алып, акча талап кылган жаранга сот чечим чыгарды
Ошто 26 жаштагы кыздан "жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм" деп акча талап кылганга шектүүгө сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.Анда айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган.
Ушул жылдын 3-мартында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, кармалган жигит 2020-жылдын октябрь айында өзүнүн таанышы 1995-жылы туулган аял менен өз ара урушуп кеткен соӊ «акыркы жолу бир жолугуп алалы» деп аны алдоо жолу менен чакырып, унаасына отургузган соӊ бычак такап коркутуп, Ош шаарынын мейманканаларынын бирине алып келген. Андан соӊ бычак менен «өлтүрөм» деп коркутуусун улантып, жылаӊачтап чечиндирип өзүнүн телефонуна тартып алган.
Жабырлануучу намыстанып колдору менен бетин жапкан учурда күч менен колун жүзүнөн алып, сүрөткө жылаӊач тарткан. Андан соӊ «эми мага жакын арада 50 миӊ сом акча таап бересиӊ, болбосо бул сүрөттү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке чыгарам» деп акча талап кыла баштаган. Айласы кеткен келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(5)
XATSAN125
27.09.2021. 23:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ит экенго ИИИТ
XATSAN125
27.09.2021. 23:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койчу байлетиш керек мындай петухтарды
KG-312
28.09.2021. 16:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
XATSAN125, Жеендерби а Хаске?))
Sajakat14
28.09.2021. 01:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өз башы менен кетсин!
kaysarym
29.09.2021. 07:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак экен даана
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















