"Ата Мекен" партиясына эч ким кирбей жатат". Рита Карасартова менен Клара Сооронкулованын мессенжерде сүйлөшүүсү деген аудио тарады
Социалдык тармактарга укук коргоочу Рита Карасартова менен Клара Сооронкулованын Телеграм мессенжеринде сүйлөшүүсү делген аудио тарады. Анда Сооронкулова "Ата Мекен" партиясынын курамына шайлоого катышууга эч ким кирбей жатканын айткан.
Клара Сооронкулова: "Ата Мекендин" тизмесине эч ким кирбей жатат. Билбейм Текебаев эмне кылат. Эч ким жок".
Рита Карасартова: "Ошол эле Урмат салганын кайра туугандарым салган деп чыгарып кетти да. А биз акча салып да, эмне гана кылган жокпуз. Алар жаш болсо да бизге караганда терең ойлонуп, кайра акырын чыгарып алганга мүмкүнчүлүк түзүп туруп иштешет экен да".
Клара Сооронкулова: "Өткөндө Жанар учурдагы 5 депутат кирет деп жатпады беле. Каныбек Иманалиев бир мандаттуудан барам деп жатыптыр. Бахадыр (ред. Бахадыр Сулайманов) болсо операция болуп Германияда экен, элестет? Электораты барлар эч ким кирбесе анан. Ошон үчүн Өмүрбек Чиркешовичке бүгүн айттым бийликтин партиясы чыгып жатыптыр, шайлоо болбойт. Дагы деле баягы болот. Мындай шайлоого биз катышпайбыз деп эле биз катышпай койбойлубу десем ойлонуп калды".
Рита Карасартова: "Ооба, Садырят жана Ташиевдикилердин кыймылын легализация кылбай, жакшынакай кылып алып чыгып кетсек жакшы болмок. Оппозицияда ким калат? "Бүтүн Кыргызстан" барат, СДКлар барсын, көрсүн. Алар дагы чыгып кетсе аябай жакшы болот. Бүт оппозициянын баары чыгып кетсе аябай жакшы болмок".
Рита Карасартова менен Клара Сооронкулованын мессенжерде сүйлөшүүсү деген аудио тарады


Болгону шайлоо боюнча коз караш, прогнозумду айтып оттум. Мен лично бычакка сап эч кимди корбой турамын... Эч бири Кыргызстанды ондооруна козум жетпейт...
Ал эми стабилдуулук онугууго кепил боло албайт. Акаевдин башкаруусунда 3 же 5 жыл эмес, 15 жыл жашадык, эмне онугуп кеттик беле? Олко башына эли-журту учун чындап куйгон, олко жашоосун он жагына ондоого белсенген, создон ишке откон татыктуу инсандар келсе гана олко онугот.....
Ал эми сен колдогон Жапаров менен Ташиев 30 жыл олкону башкарган кундо да олко онолбойт. Алардын ким экени, дарамети, "кыйраткан" иштерин коруп эл тунулуп баштады дакансаларды кошпогондо.