Ошто айдоочу каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгы катталды. 3 киши жаракат алды

Ош шаарында түн ичинде жол кырсыгы катталып, 3 киши жаракат алды. Учурда жабырлануучулар ооруканада экенин Ош шаардык кайгуул милициясынын маалымат кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 1-октябрга караган түнү шаардагы Осмонов көчөсүндөгү мончонун жанында Дэу Нексия жана ВАЗ унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен Дэу Нексия унаасынын 1967-жылы туулган айдоочусу, бир жүргүнчүсү, ал эми ВАЗ унаасынын 1999-жылы туулган айдоочусу жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилди.
"ВАЗ унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
MAKALAK
01.10.2021. 12:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Осмонов деп окуп кой да тим эле илимдүү болбой
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















