Ошто көмүр жүктөп бараткан жүк ташуучу унаа көпүрө менен кошо кулап кетти (фото)
Ош облусунун Кара-Суу районунда чоң жүк ташуучу унаа көпүрө менен кошо кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 24-чакырымында көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп баратып, көпүрө менен кошо түшүп кеткен. Учурда унаалар айланма жол аркылуу өтүп жатат. Бактыга жараша, унаанын ичиндеги 2 адам аман-эсен калышкан. Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө министрликтен 2 бөлүм башчы тартылды", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео


















Ушул унаалардын айынан жол да, копуролор да бузулуп талкаланып жатат......