Депутат вице-спикерликти тапшырып берген Нурбек Сыдыгалиевдин орду боюнча маселе көтөрдү
Депутат Бейшеналы Нурдинов вице-спикерликти тапшырып берген Нурбек Сыдыгалиевдин орду боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Вице-спикер Аида Касымалиева Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого талапкер катары катталгандан кийин кызматтан кетүү арызын бергенин айтты. Анын кызмат орду бош экенин белгиледи.
Депутат: "Вице-спикердин орду эмне болот? Төрага өзүнүн иши менен болот. Сиз ооруп калсаңыз кандай болот?", - деп сурады.
Касымалиева бул маселе Жогорку Кеңештин палатасында чечиле турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















