Садыр Жапаровдун Глазгого болгон жумушчу сапары аяктады. Өлкө башчы Бишкекке келди
Президент Садыр Жапаровдун Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Глазго шаарына 1-2-ноябрь күндөрү болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Өлкө башчы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнө лидерлеринин саммитинин ачылышына катышып, климаттын өзгөрүүсү боюнча кайрылуу жасады.
Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрь күнү эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















