"423-болуп жазылдым". Бишкекте узун кезекке кайыл болгон эл 3 миң сомдон көмүр алып кубанычта (видеорепортаж)








Бүгүн, 16-ноябрда Бишкектеги Мурманская көчөсүндө көмүр сатылган базада кезекке тургандардын саны көп. Алар көмүрдү 3000 сомдон алып калуу үчүн кезекке турушкан. Бир адамга 2 тоннадан алса болот деп айтылган, бирок учурда 1 жарым тоннадан гана көмүр берилип жатат.
"Эртең менен келгем. Көмүр алуу үчүн кезекке 423-болуп жазылдым", - деди көмүр алганга келгендердин бири.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушкан учурда көмүрдүн баасы 3 миң сом болорун айткан.
кошулду
Бишкекте көмүр 3 миңдон сатылууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Озум комурду жайда аламын,арзан жана убагында алып келишет клиент аз болуп шахтынын баары иштей беришпейт.