Кайгуул кызматкерин унаанын капотунда сүйрөгөн айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Бишкекте патрулдук милициянын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөгөн таксинин айдоочусу кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.Билдирүүдө шектүү 1990-жылы туулган Т.Н. экени айтылат.
Буга чейин Бишкекте такси кызматынын айдоочусу патрулдук милициянын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөгөн видео тараган. Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча иш козголгону маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















