"Сайкал" аталышындагы киберпанк стилиндеги алгачкы кыргыз мультсериалы элге тартууланат
2-декабрда "Тентек" студиясынын жаратуучулары "кыргыздын биринчи анимациялык киберпанк" деп атаган кыска метраждуу анимациялык сериалынын бет ачары болот. Бул тууралуу жаратуучулар Инстаграм баракчасына жарыялашкан."Сайкал" - келечек тууралуу тартылган анимациялык сериал. Ал “Маңкурт” легендасынын прототиби боюнча Кыргыз өлкөсүнүн 2021-жылдагы актуалдуу маселелерин жана көйгөйлөрүн камтыган. Сериал биздин өлкөдө кеңири жайыла элек кадрдык анимациялык техниканын жардамы менен тартылган. Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланат", - деп жазылат маалыматта.
Аталган мультфильмдин бет ачары "Tentek" YouTube каналында болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















