Клара Сооронкулова: "Кол салгандар бүгүн, эртең табылбаса, анда бийлик тарабынан уюшулган дегенге ишенебиз"
Бүгүн, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду.
Партиянын мүчөлөрү УКМКнын алдына чогулушту. Алардын арасында партиядан талапкер болгон Клара Сооронкулова окуя боюнча пикирин билдирди.
"Өмүрбек Чиркешович жан сакчысы жок эле жалгыз жүрөт. Ал кофейняда кофе ичип жаткан кезде келишип, сыртка сүйрөп чыгышыптыр. Автобуска отургузуп алып кетүү аракетин көрүшкөн экен. Ошол жерден "Парк отелдин" кароолчулары, жолдо өтүп бара жаткандардан коркуп эле кетип калышыптыр. Күбөлөр көбөйүп кеткен да.
Ал адамдар эч нерседен коркпойт. "Бандит" болгондо чак түштө, өкмөт үйүнүн жанында, шаардын борборунда адамга кол салуудан коркот эле да. Демек, булар атайын бийлик тарабынан уюшулган кол салуу болду.
Булар бүгүн, эртең табылбай турган болсо, анда бийлик тарабынан уюшулган кол салуу дегенге ишенебиз.
Эгерде таап, жүзүн көрсөтүп, ушул кишилер кылыптыр, биз жазага тартабыз дей турган болсо, анда бул ишти кандайдыр бир "бандиттик" топтор жасаган.
Биз мамлекеттен аракет күтөбүз. Анткени биз мамлекетте жашап жатабыз да. Укук коргоо, коопсуздук органдары бар. Кандай болбосун булар өз милдетин аткарышы керек. Ошон үчүн УКМКнын имаратынын алдына келип турабыз", - деди Сооронкулова.
Клара Сооронкулованын Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча пикири


Силер канкорсуңар, бийликти алыш үчүн 200-300 адамдын өлүмү эчнерсе эмес силер үчүн Текенбаевдин мындай оюндарын көөп эле көргөнбүз Бакиевлердин башын жегенда силерсиңер, Ош окуясында силер уюштүргансыңар.
Силерге эл ишенбейт!!!