Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды аныктоо иши ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды
Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Факты боюнча бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо жана аларды кармоо максатында ыкчам иликтөө, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын бетин изин суутпай ачуу үчүн масштабдуу ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Кылмыштын бетин ачуу ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.
Маалымат үчүн:
Бүгүн, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Кол салуу болгондо 1 адам эле жетишмек Текеге. 100 адамга телефон,очки керек болду бекен чындыка дал келбейт.
Өзүңөр эле уюштурдуңар чыр чыгарыш үчүн, бийликти алыш үчүн.