12 баш кой, 1 торпок күйдү. Жалал-Абадда сарайдан өрт чыгып бүгүн эртең менен өчүрүлдү
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында мал сарайдан өрт чыгып, мал жандык күйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат 1-декабрда саат 23:50дө түшкөн.
"Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, саат 01:19да өрт курчоого алынып, бүгүн, 2-декабрда саат 08:01де толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан сарайдын 192 чарчы метр аянты күйдү.
Келтирилген чыгымдар 12 баш кой, 1 баш торпок, 1000 түк чөп жана 600 боо жүгөрү бакалы күйдү. Өрттүн чыгуу себептери учурда такталууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















