Ошто жансыз денеси табылган 4 адамдын аты-жөнү аныкталбаганы айтылды. Милиция маалыматты четке кагат
Ош шаарынын аймагында жыл башынан бери аты-жөнү аныкталбаган 4 адамдын сөөгү көмүлгөнү жергиликтүү айрым маалымат каражаттарына жарыяланган. Мындай маалымат аталган аймактагы Жарандарды тейлөө бюросуна шилтеме берүү менен жазылган.Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бюронун маалыматын четке какты. Башкармалыктан билдиришкендей, аты-жөнү аныкталбаган бир гана адамдын сөөгү көмүлгөн. Ал Жапалак айылынын Кайырма каналынан табылган, жашы болжол менен 55-60 жаштардагы адам.
"Жарандарды тейлөө бюросу калган 3 жарандын кайдан табылгандыгы тууралуу кененирээк түшүндүрмө берсе жакшы болмок.
Жогоруда белгилегенибиздей, Ош шаарынын аймагында 1 гана адамдын аты-жөнү аныкталбай, көмүлгөн. Анын ким экенин аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат, бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына дагы берилген. Ал эми жыл башынан бери 7 өлүк табылып, анын ичинен алтоонун ким экени аныкталган", - дешет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
erkegenje
19.12.2021. 15:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суротун жарыялаш керекта балким биролор издеп аткандыр
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















