Токмокто унаанын терезесин сындырып, ичиндеги 8 миң сом акчаны уурдап кеткенге шектелген жаран кармалды
Чүйдүн Токмок шаарында уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-декабрь күнү Токмок ШИИБине жаран арыз менен кайрылып, 19-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган унаасынын терезесин белгисиз бирөө сындырып, ичинен 8 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1990-жылы туулган У.Е. аттуу жаран кармалган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















