Балыкчыда жеңил унаа жолдон чыгып кетип, кырсыкка кабылды
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Балыкчы-Каракол унаа жолунун 156-чакырымында жол кырсыгы катталып, Хонда Аккорт үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, 25 жаштагы эки жаран жабыркаган.
Жерине Балыкчы шаардык №19 куткаруу кызматынан 3 куткаруучу тартылып, жабыркагандар дарыгерлерге өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















