Президенттин басма сөз катчысы азык-түлүктөрдүн запасы тууралуу билдирүү жасады
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев азык-түлүктөрдүн запасы тууралуу билдирүү жасады."Казакстан тараптын айрым өткөрмө пункттарынын жабылышына байланыштуу кооптонуулардан улам Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндө социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.
Жарандарды белгиленген азык-түлүктөрдүн мүмкүн болгон тартыштыгынан же баалардын кескин көтөрүлүшүнөн чочулабоого чакырабыз.
Эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелери эки тараптан мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги айрым өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык байланыштарды толук кандуу жөнгө салынышына негиз болот”, - деди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















