Бычак менен коркутуп телефонун жана 168 миң сомун тартып алышкан. Бишкекте карактоого шектүүлөр кармалды
Бишкек шаарынын тургунун карактап кеткенге шектелип 3 адам кармалды. Мындай факты 2021-жылы 4-декабрда катталганын Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Шаар тургунун 4-декабрда саат 20:30 чамасында көчөдөн белгисиз адамдар бычак такап коркутуп телефонун, 168 миң сомун тартып алышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
"Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1993-жылы, 1984-жылы жана 1994-жылы туулган жарандар кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда, тергөө амалдары улантылууда", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















