Ысык-Көлдө 57 жаштагы кишинин жансыз денеси өзү жашаган батирден табылды
Ысык-Көлдө 57 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси өзү жашаган батирден табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен батирдин эшиги бекилип калганын, мындан улам куткаруу кызматы чакыртылганын кабарлайт."Каракол шаарынын тургуну (каза болгон жарандын кызы) атасы жашаган үйдүн эшиги ачылбай, телефон чалууларга жооп бербей жатканына тынчсызданып, саат 14:40 чамасында нөөмөт бөлүмгө кайрылган.
Восход кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бирине барган куткаруучулар бекилген эшикти ачкан учурда, үйдүн ээси 1957-жылы туулган Т.А.В`нын жансыз денеси табылды. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















