Чүйдөгү мектептердин биринде мугалим менен окуучу кармашкан видео тарады
Чүйдөгү мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 102 номери аркылуу орто мектептердин биринде бейбаштык фактысы болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда бир нече окуучунун ата-энелери мугалимдин балдарга кол көтөрүүсү боюнча териштирүү зарылдыгын билдиришкен. Ошол эле учурда мугалим менен окуучунун ортосундагы видеого тартылган фактыны кылдат териштирүүнү айтышкан.
"Бул факты боюнча РИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана аталган орто мектептин администрациясы тарабынан жогорудагы кайрылууну кароо боюнча, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана мектеп окуучуларынын ата-энелери чакырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, видеодогу окуучу мугалимдин дарегине карата орой сөздөрдү айткандыгы маалым болгон. Учурда райондук билим берүү бөлүмү тарабынан да текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиребиз.
Аталган факты Аламүдүн РИИБине катталып, кылдат териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн окуучулар тарабынан тартылган видео материал ишке тиркелген. Учурда ар тараптуу текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгында окуянын катышуучуларына юридикалык баа берилет", - деп жазылат маалыматта.
Видео




Стукач болбогулачы. Эжейлерди жамандабай. Көчөдөн мындан да таяк жеп жүрүшөт. Эжейлер бир жолу чымчып койсо паника кылып жибербей.
Азыркылар эле кызтекедей болуп айтыша беришет.
Ээ атаны... Болбодунар.
таяк жегенибизди айтсак,алар кайра бизди урушуп койчу да.
Азыркы жаштарга,ата-энелерге түшүнбөйсүң, балдарды мектепке билим,тарбия алсын деп жибергенден кийин анча-мынча майда чүйдөгө аралашпаган туураго деп эсептейм.
Азыркыларды ху деп үйлөп койсоң суук тийип грипп болуп калат