Баткенде тилсиз жоонун айынан сарайдын чатыры толугу менен күйүп кетти
Баткен районунун Чет-Кызыл айылында сарайдын чатыры толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 20:35те толук өчүрүүгө жетишти. Өрттүн кесепетинен сарайдын чатыры толугу менен күйүп кеткен.
Өрттүн жалпы аянты 80 чарчы метрди түзүп, 16 даана шифер, 14 даана темир лист, 500 таңгакталган чөп чыгымга учураган.
Бактыга жараша, жабыр тарткандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















