Караколдо банк өрттөндү (фото)
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы банктан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Дос Кредо” банктын кеңсесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бригада тартылып, өрт саат 07:27де чектөөгө алынып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан 2 чарчы метр имараттын ичи жана бир пластик терезе күйгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















