Жылдыз Жолдошова: “Кышта газ өчсө шаардыктар кыйналат, айылдагылар, Бакиев айтмакчы, тезек менен эле жашай берет”
“Өкмөт кышка даяр эмес, бир кар жааганда эле бул даана көрүндү”,- деди депутат Жылдыз Жолдошова парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында. Депутат Ош-Бишкек трассасында 20-ноябрда болгон унаа тыгынды мисал келтирди.
“Бир кар жааганда эле Транспорт жана коммуникация министрлиги жүдөп калды. Төө-Ашууда унаалар жылбай туруп калганын көрдүк. Өкмөт башчы жыйынга келиши керек болчу, Орусиядан эртең менен келиптир дейт. Убагында уктабай деле иштечү элек го”,- дейт Жолдошова.
Депутат кышында газ өчсө Бишкекте 21 от казан иштебей кала турганын айтты. “Газ өчсө шаардыктар эле кыйналат. Айылдыктар, Бакиев айтмакчы, тезек менен эле жашай берет”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















