Бишкекте унаа тетиктерин сактаган кампа өрттөнүүдө
Бүгүн, 6-февралда Бишкектеги Маевка айылында жайгашкан унаа тетиктерин сактоочу жай өрттөнүүдө. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалыматты тактап, өрт өчүрүүгө 5 бөлүм тартылганын билдирди.
"Алдын ала маалымат боюнча, Ленин районуна караштуу Жаш Гвардия бульварында жайгашкан контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 14:04тө жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















